Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору алмашты

 Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору алмашты

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Иманов Талантбек Орускулович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Иминов Фархат Ажмуханбетович Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды.

 

Связанный пост