Индонезиянын Президенти Прабово Субианто Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Индонезия Республикасынын Президенти Прабово Субианто Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
«Бул маанилүү окуя Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү кааларымды билдирүү мүмкүнчүлүгүн берет. Ар кандай тармактардагы кызматташтыгыбыз мындан ары да элдерибиздин бакубаттуулугу жана өнүгүшү үчүн бекемделе берсин», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.