Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин башкаруу схемасы бекитилди

Министрлер кабинети Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маселелери жөнүндө жобону бекитти.
Документ президенттин “Илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынды.
Токтом менен Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин башкаруу схемасы бекитилди.
Ага ылайык, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду болду.
Ал эми, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси болду.