Илхам Алиев Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
«Кыргыз Республикасынын Улуттук майрамына байланыштуу өзүмдүн атымдан жана азербайжан элинин атынан Сизди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, эң жакшы каалоолорумду билдиргениме кубанычтамын.
Сиздин жетекчилигиңиз астында боордош Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан кеңири масштабдуу жаратмандык иштеринин жана реформалардын аркасында социалдык-экономикалык өнүгүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишилди.
Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы жалпы руханий баалуулуктарга жана тарыхый-маданий тамырларга байланышкан мамилелердин динамикасынын азыркы деңгээли канааттандырарлык. Стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткен Азербайжан-Кыргыз мамилелери элдерибиздин бекем эркинин жана кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө болгон чечкиндүүлүгүнүн ачык көрүнүшү болуп саналат.
Мындан ары да эки тараптуу жана көп жактуу форматтагы кызматташтыгыбызды кеңейтип, достуктун жана бир туугандык байланыштардын жакшы каада-салттарын сактоо жана бекемдөө боюнча биргелешкен аракеттерибизди ийгиликтүү уланта беребиз деп ишенем.
Мындай маанилүү күндө Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай, иштериңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргыз Республикасына тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, – деп айтылат телеграммада.