ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы кармалды
ИИМдин Күзөт кызматы башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-декабрда Күзөт кызматынын башчысы А.Т.А. кол алдындагы кызматкерлерден системалуу түрдө пара алган деген шек менен кармалды.
Тактап айтканда, А.Т.А. 2024-жылдан тартып Балыкчы шаарынын күзөт бөлүмүнүн кызматкерлеринен ушул эле бөлүмдүн башчысы Д.Т.И. жана башка аффилирленген жак аркылуу мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенгени аныкталган.
Акча каражаттарын системалуу түрдө чогултуу милиция кызматкерлеринин жумуш убактысынан тышкары ар кандай объектилерди кайтаруу боюнча эмгек ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн төлөм катары ишке ашырылган.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар ИИМдин башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
Тергөө иштери жүрүп жатат.