ИИМдин Эксперттик криминалистикалык кызматына техникалык каражаттар берилди

Бүгүн Ички иштер министрлигинин Эксперттик криминалистикалык кызматына адамдын өздүгүн аныктоого каралган техникалык каражаттар берилди.

Ведомстводон аалыдашкандай, каражаттар Борбордук Азиядагы БОМКА-10 чек араларды башкарууга көмөк көрсөтүү программасынан алкагында өттү.

Техникаларды тапшырууга Эксперттик-криминалистикалык кызматынын башчысы Александр Иванов, Кыргызстандагы Борбор Азиядагы БОМКА – 10 чек араларын башкарууга көмөктөшүү программасынын аймактык жетекчиси Марис Доминш жана программанын Кыргызстандагы улуттук координатору Рахатбек Боогачиев катышты.

Мындай адамдардын өздүгүн аныктоо үчүн заманбап сканерлерди колдонуу манжа издерин жана алакандарды алуунун эскирген ыкмаларынан акырындык менен баш тартууга, ошондой эле жыл сайын чыгымдалуучу материалдарды сатып алуунун жылдык чыгымдарын кыскартат. Бул өз кезегинде маалыматтарды иштеп чыгууну тездетет жана укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатат.

Связанный пост