ИИМ Ысык-Көлдө УКТ мүчөлөрүнө мыйзамсыз берилген жер боюнча иликтөө жүргүзүүдө

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө мыйзамсыз берилген жерлер боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдириштию
Маалыматка ылайык, 27-майда ИИМге билдирме келип түшкөн. Анда, 2009-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жер тилкесинин бир бөлүгү мыйзамсыз түрдө берилип кеткендиги айтылган.
Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Аталган жер тилкеси Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдорунун негизинде С.К. аттуу жаранга аянты 5 гектар жер тилкеси 49 жылга ижарага спорт комплекс салуу үчүн бөлүнүп берилген.
Бирок, кандайдыр бир себептер менен спорт комплекс курулган эмес. Бул айылдын жаштарынын нааразычылыгын жаратып, С.К.дан жерди мамлекетке кайтарып берүүнү талап кылышкан. Ошол маалда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөөлөрү келип, 5 гектардын ичинен 1 гектарды “общакка” бөлүп берүүнү талап кыла башташкан.
Аталган жер тилкесинин ээси кырдаал курчуп кеткендиктен, Камчы Көлбаевдин иниси Ж.К.га кайрылып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү коркутуп жаткандыгын билдирип, 5 гектардын ичинен азыраак бөлүгүн эле берерин билдирип, бул көйгөйдү токтотуп берүүнү суранган.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү аныкталып, 1977-жылы туулган С.А., 1976-жылы туулган К.Ж., 1974-жылы туулган Э.М. жана 1976-жылы туулган О. А. кармалган.
Кармалган жарандар Бишкек шаарынын тергөө изоляторуна (СИЗО) киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылууда.