ИИМ шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча көзөмөлдү күчөтөт

Бүгүн ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун төрагалыгы астында ички иштер органдарынын жетекчилерине онлайн кеңешме өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, онлайн кеңешменин жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыздоо, мыйзамдуулукту сактоо жана жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү боюнча аткарыла турган иш-чаралар талкууланды.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов өз сөзүндө шайлоо процессинин башталышы менен түзүлгөн Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобунун ишине токтолуп, ички иштер органдарынын ар бир кызматкери үгүттөө жана шайлоо мезгилинде тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо, добуш сатып алууга, административдик ресурсту пайдаланууга, коомдук тартипти бузууга жол бербөө боюнча иш алып баруулары керектигин эскертти.

Мындан тышкары, республиканын аймагында шайлоо өткөрүүдө укук тартибин камсыз кылуу максатында ар бир шайлоо округуна ИИМдин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүгүнүн жетекчилери бекитилди.

Кеңешменин соңунда тийиштүү кызматтарга көзөмөлдү күчөтүү жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Связанный пост