ИИМ: Электрондук тамекилерди мыйзамсыз сатууга бөгөт коюлду
Электрондук тамекилерди мыйзамсыз сатууга бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына “Соке” каймана аттуу жаран электрондук тамекилердин (вейп) ири партиясын сатууга аракеттенип жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
2025-жылдын 19-сентябрь күнү соода борборлорунун биринде жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 500дөн ашык электрондук тамекини (вейп) сатуу менен алектенген жарандар-2004-жылы туулган И.С., 2003-жылы туулган А.А., 1988-жылы туулган К.А. кармалган.
Азыркы учурда алынган электрондук тамекилердин келип чыгышын жана аларды Кыргызстандын кантип алып келишкенин аныктоого багытталган кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.
Эске салсак, вейптерди жана алар үчүн суюктуктарды Кыргызстанга алып келүүгө министрлер кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы №387 сандуу токтомунун негизинде тыюу салынган. Ал эми, импортко тыюу салуу “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруу үчүн киргизилген.