ИИМ: Даярдалып жаткан жардыруу жөнүндө жалган кабарлоо – беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат

 ИИМ: Даярдалып жаткан жардыруу жөнүндө жалган кабарлоо – беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат

Билип туруп даярдалып жаткан жардыруу жөнүндө жалган кабарлоо – беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. Бул тууралуу КРнын ИИМнин басма сөз кызматы эскертти.

“Бомба жөнүндө билдирүү менен сиз коомдук коопсуздукка кол салып, уюмдардын жана ишканалардын нормалдуу ишин бузуп, укук коргоо органдарынын олуттуу күчтөрүн жана каражаттарын башка жакка буруп, конкреттүү жарандардын кызыкчылыгына зыян келтиресиз.
Сиз “бомба” (террордук акт) тууралуу жалган маалымат таратарыңыз менен кылмыш аяктаган деп эсептелет. Мындай кылмыштар ар кандай жазалышы мүмкүн: оозеки, жазуу, уюлдук телефон менен чалуу, интернет мейкиндигинде билдирүү. Көп учурда маалымат жашыруун берилет, бирок, кылмыш-жаза жоопкерчилиги үчүн кылмышкер өзү жөнүндө маалымат бердиби же жок- бул маанилүү эмес”, – деп билдиришти министрликтен.

“Сиздин аракеттериңиздин себеби ар кандай болушу мүмкүн: бейбаштык, укук коргоо органдарынын ишинин «сапатын» текшерүү же болбосо, ишканалар менен мекемелердин демейдеги иш тартибин бузуу. Жыйынтык- бул Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесинде (Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо) каралган кылмыш билип туруп даярдалып жаткан жардыруу, өрттөө же адамдардын курман болуу, же болбосо башка оор залал болуу коркунучун жаратуучу башка аракеттер жөнүндө жалган кабарлоо, беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат”, – деп эскертет ИИМнин басма сөз кызматы.

Связанный пост