ИИМ: Былтыр каржы пирамида фактылары боюнча 358 кылмыш иши тергелди
Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан 2023-жылдын 12 айында каржы пирамида фактылары менен жалпысынан 358 кылмыш иши тергелген, анын ичинен 217 кылмыш ишинин тергөөсү аяктап соттук кароого жиберилип, 98 кылмыш иши боюнча учурда тергөө иштери улантылып келет.
Каржы пирамидасына байланыштуу кылмыш фактыларынын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында катталса, калган бөлүктөрү Чүй, Баткен жана Талас облустарына катталган.
Кылмыш иштери боюнча жабырлануучулардын жалпы саны 350 адамдан ашып, келтирилген материалдык чыгым 68 мил. сомдон ашкан. Ал эми, кылмыш иштери боюнча жалпысынан 40 адам жоопко тартылган.
Жогоруда көрсөтүлгөн фактыларды талдап келгенде, жеңил акчанын артынан түшкөн жарандарыбыз аз убакыттын ичинде чоң дивиденттерди убада кылган “кайрымдууларга” карызга батып, акча берип алданып келет.
Алдамчылар адатта жакшы манипуляторлор жана акча алуунун жаңы жолдорун ойлоп табуу менен адамга психологиялык жана эмоционалдык жактан таасир этүүнү билишет.
Каржы пирамида – каржы алдамчылыктын эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири.
Каржы пирамидалар өздөрүн уюмдардын дээрлик бардык формасы катары жашырып иш алып барышы мүмкүн.