ИИМ: Былтыр издөөчү иттердин жардамы менен баңги заттарды таратууга байланышкан 100 кылмыштын бети ачылды
Былтыр издөөчү иттердин жардамы менен баңги заттарды таратууга байланышкан 100 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу КР ИИМнин басма сөз кызматы маалымдады.
2023-жылы ИИМдин БМЖКККнын кинологиялык борборунун кызматкерлери баңги каражаттарды табуу боюнча ыкчам иш-чараларга активдүү катышышты.
2023-жылы ИИМдин БМЖКККнын кинологиялык борборунун кызматкерлери окуя жана кылмыш болгон жерге 535 жолу чыгышкан. Кызматтык издөө иттери ар кандай кылмыштарды, анын ичинде уурулук, тоноо жана башка кылмыштарды ачууда колдонулган. Кинологиялык борбордун издөөчү иттеринин жардамы менен баңги заттарды таратууга байланышкан 100 кылмыштын бети ачылган. 438 килограммдан ашык ар кандай баңги заттары, анын ичинен 83 килограммдан ашыгы гашиш, 89 килограммдан ашыгы марихуана жана башка баңги заттары алынган.
Кинологдор күн сайын иттер менен машыгууларды өткөрүп, жалпы окуу курсун өздөштүрүп, аларга издөө, кармоо, баңги заттарды издөө сыяктуу эң керектүү көндүмдөргө үйрөтүшөт.
Көбүнчө кинологдор коомдук-саясий, маданий-массалык, спорттук жана башка иш-чараларды өткөрүүдө укук тартибин сактоого тартылат. Бул кесипке, кызматкер жөн гана келип калбайт. Ал өз кесибин сүйгөн, чын жүрөктөн мамиле кылган гана кызматкер.