ИИМ: 2024-жылдын 13 жана 17 майындагы окуялар боюнча коллегия болуп өттү

2024-жылдын 27-майында ИИМдин жыйындар залында ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун катышуусунда коллегия болуп өттү. Коллегияда 2024-жылдын 13-майындагы окуялардын маселеси каралды.

Коллегияга ИИМдин, Бишкек шаарынын ИИБнин, Бишкек шаарынын райондук ИИБнын жетекчилиги жана укук тартибин камсыз кылуу милдети жүктөлгөн ИИБнын кызматкерлери катышты.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиев Бишкек шаарында болгон окуялар боюнча маалымат берди.

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы милициянын полковниги Жолболду Кочконов 13 жана 17-майында болгон окуялар боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен тааныштырды.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча корутунду чыгарылды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин коллегиясынын чечими менен ИИОнун бир катар жетекчилерине жана кызматкерлерине тартиптик жазалар берилди.

Алсак, бардыгы болуп 20 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Алардын ичинен Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын 10 кызматкери, анын ичинде башкармалыктын башчысы ээлеген кызматтарынан бошотулду. Мындан тышкары Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын 10 кызматкери ар кандай тартип жоопкерчилигине тартылды.

2024-жылдын 13-майында тергөө-ыкчам тобунун курамында турган кызматкерлерге карата кызматтык иликтөөнүн чечими юридикалык баа берүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост