ИДПнын көлөмү былтыр 22,6 млрд доллардан ашты

 ИДПнын көлөмү былтыр 22,6 млрд доллардан ашты

ИДПнын жалпы көлөмү былтыр 22,6 млрд доллардан ашты. Бул тууралуу Финансы министрлигинин 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясында айтылды.

Анда белгиленгендей, Салык кызматынын кирешеси 2020-жылы 78 млрд сом болсо, 2025-жылы 304,3 млрд сом болду.

Бажы кирешелери 6 эсе өстү. 2020-жылы бюджетке 28,9 млрд сом жыйнаса, 2025-жылы 157,4 млрд сом чогултулду.

Салыктык эмес кирешелер 8-9 эсе көбөйдү. 2020-жылы 33 млрд сом түшкөн болсо, 2025-жылы 189,4 млрд сом болду.

Экономикалык активдүүлүк да жогорулады. Кызмат көрсөтүүнүн көлөмү ИДПда 1 трлн сомдон ашты, өсүү 10,9%ды түздү.

Связанный пост