Ички иштер органдары тарабынан былтыр 6,5 тоннадан ашуун баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган

 Ички иштер органдары тарабынан былтыр 6,5 тоннадан ашуун баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган
2023-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиевдин катышуусунда гибриддик форматта ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын 2023-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча кеңешме болуп өттү.
2023-жылы Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан 1314 баңги кылмышы аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 6 тонна 680 кг 685 г баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган. Өсүмдүк жана синтетикалык баңги заттарды мыйзамсыз өндүрүүчү 12 жашыруун баңги лабораториялары жоюлуп, 84 кылмыштуу баңги топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, баңги кылмыштары боюнча издөөдө жүргөн 120 адам кармалган. Баңгизатка байланыштуу кылмыштар боюнча 95 адам жоопкерчиликке тартылган.
Баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган 15 миллион сомдон ашык кирешени легалдаштыруу фактылары аныкталып, кылмыш иштеринин алкагында баңги затын сатуучулардын 2 турак-жайы жана 4 унаасы аныкталган.
Министрдин орун басары Нурбек Абдиев интернетте маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды колдонуу менен баңги кылмыштарын аныктоого, ошондой эле калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө басым жасады. Ошону менен бирге афган тектүү баңгизаттардын контрабандасын токтотуу, нарколабораторияларды аныктоо жана жоюу боюнча бир катар милдеттер коюлган.
Кеңешменин жыйынтыгында кызматтын начар көрсөткүчтөрү үчүн 7 кызматкер дисциплинардык жазага тартылды.

Связанный пост