Ички иликтөө кызматы мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы үч милиция кызматкери кармалды

 Ички иликтөө кызматы мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы үч милиция кызматкери кармалды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандардан тазалоого багытталган иштерди улантат. Жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кароого формалдуу мамиле кылуу, кылмыштарды каттоодон баш тартуу, пара талап кылуу, оройлук сыяктуу фактыларды табууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына жана Ички иликтөө кызматына Россия Федерациясынын жаранынын арызы боюнча чогулган материал келип түшкөн, анда Кыргыз Республикасынын ИИОнун белгисиз кызматкерлери жана «Д» аттуу кыз 2023-жылдын 20-апрелинде Бишкек шаарынын Киев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде “гашиш” делген баңги каражаттарын ыргытып , коркутуу жолу менен кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 315 000 сом суммасында акча каражатын алышкандыгын билдирген.

Бул факт Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

21-август 2023-жылы тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда КР ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Чүй облустук ИИББнын БМЖККнын кызматкерлери М.Ч., С.А. и А.А., кармалып, тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаардык ИИББ убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Связанный пост