Ичүүчү суунун жетишсиздиги: кырдаал турукташты, чектөөлөр алынып салынды
Борбордогу калкты ичүүчү суу менен камсыздоонун абалы турукташып калды.
Башкы суу топтомодон берилген ичүүчү суунун агып түшүү топтому май айынын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 900-1000 м3/саатка көбөйгөн.
Азыркы учурда суу топтомодогу бардык скважиналар штаттык режимде иштеп жатат.
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы боюнча шаардын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн бир катар иш-чаралар пландаштырылган. Алсак, КР Министрлер Кабинетинин деңгээлинде иштеп жаткан суу топтомолорду кеңейтүү үчүн жер тилкелерин бөлүү пландаштырылып, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы жаңы скважиналарды бургулоо, суу түтүктөрдү жана соркыскыч станцияларды куруу боюнча иштерди өткөрүүдө.
Мындан сырткары, бүгүнкү күндө “Арча-Бешик конушунун Айылчиев көчөсүндө узундугу 1300метр, диаметри 300мм суу түтүктөрү курулган. Жаңы түтүктөр ичүүчү сууну берүү өлчөмүн жогорулатты.
Адышев көчөсүнө “Түштүк-Батыш” суу топтомосунун жаңы суу түтүктөрүн куруу бүтүү алдында турат. Бул иштердин натыйжасында “Орто-Алыш” суу топтомосунун аянтындагы суунун кошумча көлөмү саатына 300 м3 көбөйөт. “Көк-Жар” суу топтомосунда экинчи көтөргүч соркыскыч станциясын курууга керектүү каражаттар жумшалды.
Бул шаардагы сууну көтөрүү жана бөлүштүрүү процесстерин олуттуу жакшыртат.
Учурда «Башкара-Суу» суу топтомосунун жанынан төрт жаңы скважинаны бургулоо үчүн документтерди даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат.
Белгилей кетсек жаңы скважиналар ичүүчү суу боюнча кошумча ресурстарды берет. Июнь айынын башында калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуунун жалпы абалы жакшырганга чейин сууну көп талап кылган унаа жуучу жайларга, мончолорго, сауналарга, бассейндерге, ден соолукту чыңдоочу жайларга, килем жана түктүү буюмдарды жууган пункттарга, айланма суу менен жабдуусу жок обьектилерге ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулган. Бул ичүүчү суунун тартыштыгы учурунда чектелген ресурстарды пайдаланууну оптималдаштырууга багытталган аргасыз чара.
Бишкек шаарынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуудагы туруктуу кырдаалды эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөр 2023-жылдын 25-июлунан баштап алынып салынды.