Ибраев: Президент 2026-жылга чейин энергетикалык таңкыстыктан чыгуу тапшырмасын койду
Энергетика министри Т.Ибраев Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бийлиги менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Балыкчы шаарынын мэриясынын имаратында КРнын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров, акимдер, шаардык Кеңештин депуттары, айыл өкмөттөр, Токой жана суу чарбасынын өкүлдөрү жана инвесторлор менен жолугушуу өткөрдү.
Тараптардын өткөргөн жыйынынын алкагында жашыл энергетикага басым жасалып, инвестиция тартуу, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, күн, шамал электр станцияларын куруу, инвесторлорго шарт түзүү, электр энергиясына болгон тартыштыктан чыгуу жана алардын альтернативдүү булактарын өнүктүрүү боюнча талкуу болуп өттү.
Мындан тышкары Чакан ГЭС, күн, шамал электр станцияларын куруу үчүн жер маселеси каралды.
Жыйында энергетика министри Таалайбек Ибраев жолугушууда талкууланган ар бир маселе Энергетика министрлигинин жүргүзүп жаткан иш аракетине чоң өбөлгө түзөөрүн жана энергетикалык таңкыстыктан чыгууга салып кошоорун баса белгиледи.
“Урматтуу жыйындын катышуучулары! Бүгүнкү жолугушуу Энергетика министрлиги үчүн өтө маанилүү. Өзүңүздөр билгендей энергетикага өзгөчө кырдаал режими киргизилген. КРнын Президенти Садыр Нургожоевич бизге 2026-жылга чейин энергетикалык таңкыстыктан чыгуу тапшырмасын койгон. Ал үчүн биз күн, шамал электр станцияларын куруп, генерацияны көбөйтүшүбүз керек. Бирок аны куруу үчүн инвесторго биринчи кезекте ыңгайлуу жер маселесин чечип берүүбүз шарт. Башка региондорго салыштырмалуу энергетика тармагы боюнча Ысык-Көл облусуна көп инвестиция тартылып жатат. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашыбыз керек. Энергетика министрлиги бир катар инвесторлор менен кызматташуу үчүн Меморандумга, келишимдерге кол койгон. Эми долбоорду ишке ашыруу үчүн биз шарт түзүп берели. Бул бир гана Энергетика министри аркылуу эмес, сиздер менен биргеликте чечилчү маселе. Андыктан энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн биргеликте ыкчам иш алып баралы” – деди министр Таалайбек Ибраев.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Энергетика министрлигинин сунуштарын колдоп, кайсы Айыл өкмөт бут тосуу кылып, ишти так аткарбаса өзү чара көрөөрүн жана министрлик менен чогу иштешүүгө даяр экенин билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда “Солар Энерджи” ЖЧК, “Күн-Булагы” ЖЧК, “Молин Энержи”ЖЧК, “Юнигрин”ЖЧК, “Кыргыз-Пауэр”ЖЧК, “Чайна- Пауэр жана Чайна- Рейлвей”ЖЧК компаниялары менен Ысык-Көл облусунун аймагына күн электр станцияларын куруу үчүн жерлер бөлүнүп берилип, куруу ишин баштоо алдында турат.
Мындан тышкары министр Таалайбек Ибраев жыйындын катышуучулары менен биргеликте күн электр станциясы курула турган Көк-Мойнок, Тору-Айгыр айыл өкмөтүнө барып, жер участогу менен жеринде таанышты. Ошондой эле курула турган күн электр станциясын көмөк чордонго кошуу маселесин талкуулашты. Министр инвестордун айрым чечилбеген маселесин, жеринде чечип берип, тийишүү кызматкерлерге тапшырма берди.
Жыйынга Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укутуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров, Балыкчы шарынын мэри – Азамат Арнабек уулу, КРнын энернетика министри Таалайбек Ибраев, министрдин орун басары Назгуль Усенова, Балыкчы шаардык Кеңештин төрагасы Жакшылык Абдразаков, Тоң районунун акиминин орун басары Болот Мамбетов, Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Жазгүл Самудинова, шаарлык Кеңештин депутаттары, Токой жана суу чарбасынын өкүлдөрү жана акимдер, инвесторлор, тийиштүү кызматкерлер катышты.
Министр Таалайбек Ибраев Ысык-Көлгө болгон иш сапарынын алкагында Балыкчыдагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Ысык-Көл” Кемечилик филиалынын ишинен кабар алды. Бул көмүр базасында учурда Бишкек ЖЭБге (ТЭЦ) жөнөтүлө турган 6 миң тонна көмүр даяр турат. Андан тышкары Балыкчыдагы өнөр-жай аймагында жергиликтүү калк үчүн ачылган “Кыргызкөмүр” МИнин көмүр кампасында 300 тонна кезек көмүр бар. Жагдайды өз көзү менен көрүп таанышкан министр Таалайбек Ибраев “ЖЭБге даярдалып жаткан көмүрдү белгиленген графиктен артта калбай, үзгүлтүксүз жөнөтүп турууну” милдеттендирди.