И. Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү
Министрлер Кабинетинин Төрагасы –Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин атынан университеттин жамаатын, студенттерин жана бүтүрүүчүлөрүн юбилейи менен куттуктады.
Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети өлкөнүн эң эски жана алдыңкы билим берүү борборлорунун бири болуп, улуттук педагогиканын жана Кыргызстандын жогорку билим берүү системасынын өнүгүшүнө маанилүү роль ойногонун белгиледи.
«Университеттин тарыхы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жана агартуусунун көрүнүктүү ишмерлеринин ысымдары менен тыгыз байланыштуу. Ишеналы Арабаев, Төрөбай Кулатов, Муса Рыскулбеков жана Акима Оторбаева Кыргызстанда педагогикалык билим берүүнүн башатында турушкан», — деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев.
Министрлер Кабинетинин башчысы сегиз он жылдыкта университет 50 миңге жакын адисти даярдаганын, алардын олуттуу бөлүгү мугалимдер экенин белгиледи. Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык мектеп мугалимдеринин 40%га жакыны ушул университеттин бүтүрүүчүлөрү болуп саналат. Учурда университетте 22 миңден ашык студент билим алат, ал эми профессордук-окутуучулук курам миңден ашык адамды түзөт, анын ичинде 85 илимдин доктору жана 300 илимдин кандидаты бар.
«Бүгүнкү күндө университет салттарды жана инновацияларды, маданий баалуулуктарды жана заманбап илимий жетишкендиктерди бириктирген билим берүү борборуна айланды. 80 жылдык юбилей – бул өткөнгө болгон урматтын гана символу эмес, ошондой эле жамааттын мамлекеттин, коомдун жана дүйнөлүк илимдин өнүгүшүнө кошкон зор салымын таануу», – деп белгиледи ал.
МинКаб башчысы ошондой эле жогорку билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары жөнүндө айтып, университеттердин автономиясын кеңейтүү, эмгек рыногунун муктаждыктарын эске алуу менен билим берүү программаларын жаңыртуу, илимий-изилдөө борборлорун, стартаптарды, лабораторияларды, санариптик платформаларды жана технопарктарды өнүктүрүү сыяктуу артыкчылыктарды белгиледи.
Адылбек Касымалиев улуттук билим берүү моделин өнүктүрүү, 12 жылдык системага өтүү, педагогикалык билим берүүнү трансформациялоо, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана инклюзивдик жана жеткиликтүү билим берүүнү өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктары болуп саналарын өзүнчө белгиледи.
Сөзүнүн аягында Министрлер Кабинетинин Төрагасы окуу жайдын жамаатына ден соолук, бакубатчылык жана өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн мындан аркы ийгиликтерди каалап, университеттин өзгөчөлөнгөн окутуучуларына Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын тапшырды.