Худжандда Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге кол коюлду
Худжанд шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин үч тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгы менен Үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана Түбөлүк достук жөнүндө Худжанд декларациясына кол коюлду.
Мамлекет башчылары бул документтерге кол коюу өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн урматтоону символдоштурарын, ошондой эле Борбор Азияда конструктивдүү диалогдун жана натыйжалуу кызматташтыктын үлгүсү катары кызмат кылаарын баса белгилешти.
Жетишилген макулдашуулар өз ара ишенимди бекемдөө, туруктуулукту сактоо жана региондогу интеграциялык процесстерди өнүктүрүү үчүн жаңы перспективаларды ачат.
Мындан тышкары, үч өлкөнүн лидерлери үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен чекитте орнотулган символикалык стеланын ачылыш аземине катышты. Салтанаттуу иш-чара Худжанд шаарынан видеоконференция байланышы форматында өттү.
Аземдин жүрүшүндө мамлекет башчылары бир эле учурда атайын тирегич тактага орнотулган баскычты басышты. Андан соң Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, ошондой эле Тажикстан жана Өзбекстан Республикасынын премьер-министрлеринин орун басарлары лентаны кесип, стеланы расмий ачышты.
Стела элдердин достугун чагылдырып, чек ара маселелери биротоло чечилгенден кийин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын, ишенимдин жана ынак коңшулуктун жаңы доорун билдирет.