Hitachi компаниясынын вице-президенти Кумтөргө барды

Hitachi Construction Machinery компаниясынын вице-президенти, тоо-кен тармагынын башчысы Эйдзи Фукуниши Кумтөр кен жайына барды.

Ведомстводон билдиришкендей, ал Кумтөр кен жайынын иши менен бирге Hitachi маркасындагы оор тоо-кен техникаларынын  климаттык иштөө шарттары менен таанышты.

Белгиленгендей, жакында эле Hitachi компаниясынын тарыхында биринчи жолу Кумтөр кен жайында кызмат кылган Hitachi экскаваторлорунун бири 100 миң мото саатты ийгиликтүү багындырды.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун Мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисов Hitachi Construction Machinery чыгарган техникалардын жогорку сапатын, ишенимдүүлүгүн белгиледи.

«Биринчи төрт Hitachi EX 3600 маркасындагы экскаваторлор Кумтөр кен жайына 2012-жылы жеткирилген, бешинчиси — 2013-жылдын мартында алынып келинген. Бул жылдар аралыгында бул техникалар өзүн мыкты жагынан көрсөттү. Алар оңой башкарылганы, тейлөөгө ыңгайлуулугу менен айырмаланат. Ошону менен бирге, мындай жетишкендикке экскаватор операторлорубуздун чеберчилиги жана кылдаттыгы, техникалык тейлөө кызматкерлерибиздин үзгүлтүксүз жана сапаттуу тейлөөлөрү да маанилүү салым кошту», — деди ал.

Болотбек Идирисов жогорку даражалуу конокко жакында, 27-августта, Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда Кумтөр кен жайында алтынды жер астынан казып алуу долбоорунун ишке киргизүү аземи болуп өткөнүн айтты.

«Бул биз үчүн абдан маанилүү долбоор, аны ишке ашыруу Кумтөр кенинин ишин дагы 40-50 жылга узартат. Мындан тышкары, Тоголок кенин иштетүүгө даярдыктарды көрүп, Жаңгарт аянтында геологиялык чалгындоо иштери активдүү жүрүүдө», — деди компаниянын Мүдүрлөр кеңешинин башчысы.

Өз кезегинде, Hitachi Construction Machinery компаниясынын вице-президенти, тоо-кен тармагынын башчысы Эйдзи Фукуниши Кумтөр кен жайындагы 5 экскаватордун бири 100 миң мото-сааттан ашык иштегенин айтып, бул абдан маанилүү окуя экенин баса белгиледи.

«Биз «Кумтөр Голд Компани» менен көп жылдык өнөктөштүгүбүздү жогору баалайбыз жана өз ара пайдалуу негизде кызматташууну улантууга кызыкдарбыз», — деп жыйынтыктады ал.

Маалымат үчүн: Hitachi Construction Machinery компаниясы 1970-жылдан бери дөңгөлөктүү жана чынжырлуу (гусеничный) мини экскаваторлорду, жүктөгүчтөрдү, бир чөмүчтүү дөңгөлөктүү жүктөгүчтөрдү, бульдозерлерди, монтаждоочу крандарды, атайын экскаваторлорду, карьердик самосвалдарды жана жүктөгүч экскаваторлорду, ар кандай майдалагычтарды чыгаруу жана сатуу менен алектенет. Компаниянын бардык продукциясы ISO14001 экологиялык нормаларына туура келет жана эл аралык ISO стандарттары боюнча тастыкталган. EX3600 сериясындагы экскаваторлор — оор тоо-кен иштерине арналган күчтүү гидравликалык карьердик машиналар. Алардын салмагы 360 тоннага жакын жана чөмүчүнүн көлөмү 22 м³ чейин жетет.

Связанный пост