Хамад бин Иса Аль Халифа Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 Хамад бин Иса Аль Халифа Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Бахрейн Падышалыгынын Падышасы Хамад бин Иса Аль Халифа Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Бахрейн Падышалыгынын өкмөтүнүн жана элинин атынан боордош Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, эң жакшы каалоо-тилектерибизди билдиребиз.

Ушул жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Улуу Мартабалуу Сизге чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми кыргыз элине туруктуу өнүгүү жана бакубатчылык каалайбыз”, – деп айтылат телеграммада.

Связанный пост