Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады

 Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады
Түркмөнстан Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады.
«Жеңиш күнү – тынчтыкта ​​жанаша жашоонун, ак ниеттүүлүктүн жана гуманизмдин идеясын жар салган жаркын майрам. Бул тарыхый күн элдердин кебелбес руханий биримдигинин, ошондой эле өз өмүрүн кыюу менен жер бетинде тынчтыкты коргогон адамдардын баатырдыгынын, эрдигинин, кайраттуулугунун жана эр жүрөктүүлүгүнүн символу болуп кала берет», – деп айтылат Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост