Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.
“Жогорку руханий баалуулуктардын – гуманизмдин, жакшылыктын жана тынчтыкты сүйүүнүн символу болгон бул жаркын майрам мындан ары да жалпы мусулман үммөтүнүн арасында өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдөөгө өбөлгө болот деп терең ишенем.
Сизге чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми Кыргыз Республикасынын жалпы элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.