Германияда Кыргызстан инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды
Күн мурун Президент Садыр Жапаровдун Германияга болгон расмий иш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы Германиянын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чара Берлин шаарында болуп, Кыргызстандын жана Германиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана экономикалык байланышты өнүктүрүүгө багытталды.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев катышуучуларга Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрү жана инвестициялык потенциалы тууралуу видеобаяндама сунуштады. Презентациянын жүрүшүндө министр өлкөдө чет элдик инвесторлор үчүн түзүлгөн ыңгайлуу шарттарды белгилеп өттү. Ага салыктар боюнча жеңилдетүүлөр, бизнес каттоо жол-жоболорунун жөнөкөйлөштүрүлгөнү жана артыкчылыктуу соода келишимдери аркылуу эл аралык рынокторго жетүү мүмкүнчүлүгү кирет.
Министр өзгөчө көңүлдү туризм тармагындагы инвестициялык долбоорлорго бурду. Ал долбоорлор аймакты өнүктүрүүдө зор потенциалга ээ экенин жана алардын ишке ашырылышында Германиялык компаниялар ишенимдүү өнөктөш катары маанилүү ролду ойной аларын белгиледи.
Жолугушуунун алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо, пикир алмашуу жана жаңы бизнес байланыштарды түзүү боюнча активдүү иш-чаралар өттү. Бул иш-чара келечектеги биргелешкен демилгелердин пайдубалы болуп калмакчы.