«Газпром Кыргызстан» 2023-жылы 12 калктуу конушту газдаштырууну пландаштырууда

 «Газпром Кыргызстан» 2023-жылы 12 калктуу конушту газдаштырууну пландаштырууда

«Газпром Кыргызстан» 2023-жылы 12 калктуу конушту газдаштырууну пландаштырууда

Газдаштыруу боюнча жигердүү иштер Бишкектин «Төкөлдөш», «Ак-Тилек», «Ак-Тилек-2», «Ак-Тилек-Турбаза» жана «Ала-Арча» калктуу конуштарында жүрүүдө, ошондой эле иштер Чүй облусунун Новопавловка жана Селекция айылдарында да башталган. Жакын арада компания «Бакай-Ата», «Жогорку Көк-Жар», «Попеновка» жана «Товарная» калктуу конуштарына ишмердигин жаят.

Жыл башында борбор калаанын «Кырман» калктуу конушунда жаратылыш газын берүү ишке ашырылган.

 

2023-жылы газдаштырыла турчу калктуу конуштарда газ бөлүштүрүүчү тутумдардын долбоордук узундугу 218 км түзөт:

Бишкек:

  • «Төкөлдөш» к/к – 11,3 км
  • «Ак-Тилек» к/к – 6,5 км,
  • «Ак-Тилек-Турбаза» к/к – 4 км
  • «Ак-Тилек-2» к/к – 4,3 км
  • «Ала-Арча» к/к – 12,2 км
  • «Бакай-Ата» к/к – 16,2 км (иштерди 2024-жылдын февралына чейин аяктоо пландалган)
  • «Жогорку Көк-Жар» к/к – 4,1 км
  • «Попеновка» к/к – 2,5 км
  • «Товарная» к/к – 3,8 км

Чүй облусу

  • Селекция а. – 7,7 км
  • Новопавловка а. – 146 км (бул калктуу конуштагы курулуш иштер 2023-жылдын соңуна чейин жүргүзүлөт жана 2024-жылы да улантылат, жаратылыш газын берүү жумуштар аяктаганга жараша этап-этабы менен жүзөгө ашырылат).

 

Жаңы райондорду газдаштыруу Кыргыз Республикасын газдаштыруунун Башкы схемасынын жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын инвестициялык программасынын алкагында жүзөгө ашырылат.

 

Компания республика боюнча 42 калктуу конушту газдаштырды, аларда 45 миң турак үй жайгашкан. 2023-жылдын аягына чейин дагы 10 миң турак жайды камтыган 11 калктуу конушка газ өткөрүү пландалууда.

 

Эгерде бир турак үйдө кеминде 5 адам жашаарын эске алсак, анда жаратылыш газга жеткилик алган жашоочулардын саны 275 миң адамдан ашат.

 

Газ менен жылытууга өтүү – убакыттын талабы. Өзгөчө бул маселе өлкөдөгү энергетикалык кризистин шарттарында актуалдуу. Ордо калаадагы олуттуу экологиялык көйгөйлөрдөн улам көмүр жагып, үйдү жылытуу да ылайыксыз.

Жаратылыш газы – ден соолук үчүн коопсуз жана жылуулуктун салттуу булактарына жеткиликтүү альтернатива.

Аянты 100 чарчы метр үйдү жылытуу үчүн айына 406 кубометрдей жаратылыш газы керектелет. Мындай көлөмдөр 7 714 сомду түзөт.

Көмүр

Эгерде ушул эле үйдү көмүр менен жылытсак, анда чыгымдар 7 371 сомду  түзөт, анткени кеминде 1 тонна 229 кг көмүр зарыл болот. Бир тонна көмүрдүн орточо баасы бүгүнкү күндө 6 миң сомдой турат.

Электр энергиясы

Эгерде жылытуу булагы катары электр энергиясын алсак, анда ушундай эле аянттагы үйдү жылытканга айына 4 421 киловатт-саат энергия керек, бул керектөөчүгө 8 389 сомго айланат.

Отундун ар кандай түрлөрү менен жылытууга болгон баалар анчейин деле айырмаланбайт, бирок жаратылыш газы экологиялык таза жана энергоэффективдүү булак болуп эсептелет. Буга байланыштуу экологдор газдаштырылган райондордун тургундарына көгүлтүр отко өтүүнүн өтө зарылдыгын эскертишет.

 

Связанный пост