Газ тармагын өнүктүрүү Меморандумуна кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана “Газпром” коомдук акционердик коому Санкт-Петербургда өткөн газ боюнча эл аралык форумда өлкөнүн газ тармагын өнүктүрүүдө кызматташуу Меморандумуна кол коюшту.
Документ газ тармагында узак мөөнөттүү кызматташууга, ошондой эле энергетика жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө багытталган. Меморандумга энергетика министри Таалайбек Ибраев менен “Газпром” коомдук акционердик коомунун башкы директору Алексей Борисович Миллер кол коюшкан.
Форумда энергетика министри Таалайбек Ибраев сөз сүйлөп, “Газпром” коомдук акционердик коому менен кызматташтыкка токтолду.
“Биздин “Газпром” коомдук акционердик коому менен узак мөөнөттүү, бекем, достук мамилебиз бар. «Газпромдун» олуттуу салымын өзгөчө белгилеп кетким келет:
1– Кыргызстандын газ инфраструктурасын ырааттуу динамикалуу өнүктүрүүдө жана реабилитациялоодо;
2– ишенимдүү жана үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылууда;
3– Өлкө боюнча масштабдуу социалдык программаларды ишке ашырууда олуттуу салым кошту.
“Газпром” коомдук акционердик коомунун Кыргызстандагы тарыхына кыскача токтолуп кетейин. 2014-жылы Кыргызстанда калкты газ менен 22% камсыздашкан болсо, бүгүнкү күндө 38% пайыз камсыздалган. 53 конуштатарда 1250 чакырымдан ашык көчө газ тармактарын куруу, буга чейин өлкөнүн 270 миңге жакын тургунун газга кошууга мүмкүндүк берди.
Муну менен эмне айткым келет. “Газпром” коомдук акционердик коому Кыргызстандын газ тармагына чоң суммадагы инвестиция алып келди десек болот. Биз “Газпром” коомдук акционердик коомунун ар бир үйгө газ киргизүү аракетин абдан баалайбыз. 30 жылдан бери үйлөрүндө газ күткөн өлкөнүн көптөгөн тургундарынын тилеги бүгүнкү күндө ишке ашууда.
Жыл сайын газга кошулуу менен Бишкектин жана Чүй облусунун жаңы тургундары кышты жылуу тосуп алышат. Өзүңүздөр билгендей Кыргызстан сууга жана көмүргө бай өлкө. Акыркы 4-5 жылдан бери суунун азайышы билинүүдө. Ошол эле учурда, өзгөчө кыш мезгилинде биздин борбор калааны түтүн каптап калат.
Мындан улам бизде газ альтернативдүү отун болуп эсептелет.
Биз 2030-жылы калкты 60% газ менен камсыз кылууну пландап жатабыз. Бизде “Газпром” коомдук акционердик коому менен атайын “Кыргызнефтгаз”доолбору бар.Учурда биздин Президентибиз долбоорду колдоодо. “Газпром” коомдук акционердик коому биз менен нефт жана газ тармагында кызматташуунусун терендетүүсүн каалайбыз. Себеби, газдаштыруу кыргызтандыктар үчүн ынгайлуу» -деди министр Таалайбек Ибраев.
Мындан тышкары, Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Алексей Миллердин жолугушуусунда Кыргызстанда газ тармагын өнүктүрүүдөн ташкары бир катар маселелер каралды:
1- Газпром менен кызматташтыкты чындоо жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүү
2- Кыргыз Республикасынын калктуу пункттарын газдаштырууну тездетүү
3- «Кыргызнефтегаз» долбоорун ишке ашыруу
4- Бишкек ЖЭБди жаратылыш газына которуу
5- Чалдовар айылында газ электр станциясынын курулушу
Эскерте кетсек, Келечекте Министрлер Кабинети Бишкек шаарындагы отканаларды, ТЭЦти жана башка объектилерди газ колдонууга өткөрүүнү пландаштырууда. Мындан улам ала турган жаратылыш газынын көлөмүн көбөйтүү боюнча дагы талкууланды. Бул сунушка “Газпром” макулдугун берген.
Газпром менен кызматташуунун аркасында бир катар көйгөйлөр азаят.
Биринчиден, электр тармактарындагы жүк азаят.
Экинчиден, көгүлтүр отун калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.
Үчүнчүдөн, газдаштыруу борбордогу абанын сапатын жакшыртууга да жардам берет.
“Газпром” менен кызматташуу Кыргызстанда да, Борбор Азия чөлкөмүндө да бекемделет деп ишеним артылууда.