“Гашиш” баңгизатын сатууга шектелген жаран Бишкек шаарынан кармалды

 “Гашиш” баңгизатын сатууга шектелген жаран Бишкек шаарынан кармалды
ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлерине жаран “О” Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймактарында баңгизаттарды таратуу менен алектенип жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн.
Алынган маалымат Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынан баңгизат саткан адамды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн каттоодон өткөн.
2023-жылдын 25-июлунда болжол менен саат 22:30да ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынын аймагында “Ауди 80” үлгүсүндөгү унаа башкарып бара жаткан 1992-жылы туулган Б. уулу О. шектүү катары кармалган.
Унааны тинтүү учурунда айдоочунун отургучунун астынан баштыкка оролгон тик бурчтуу формадагы таңгак табылып, анын ичинен жалпы салмагы 665 граммды түзгөн кара куурайдай өзгөчө жыты бар зат табылып алынган.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, Б. уулу О. шектүүгө таандык унаада табылган заттар “гашиш” баңгизаты болуп аныкталган.
Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Азыркы учурда шектүү КРнын ЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Связанный пост