Гүлзат Исаматова илим министринин милдетин аткарат
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Исаматова Гүлзат Тыныбековна илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Эми министрдин кызмат ордуна дайындоо үчүн анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.