Гүлнара Баатырова КР Саламаттык сактоо министри болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Баатырова Гүлнара Маришовна мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон.