Гүлнара Баатырова үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жардам көрсөтүүгө түзүлүп жаткан борбор менен таанышты

 Гүлнара Баатырова үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жардам көрсөтүүгө түзүлүп жаткан борбор менен таанышты

Бүгүн, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жардам көрсөтүү үчүн түзүлүп жаткан Борбор менен таанышты.

 

Бүгүнкү күндө, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун, анын ичинде сексуалдык зомбулуктан жабыр тарткан аялдар менен кыздар сот адилеттигине жетүү үчүн олуттуу тоскоолдуктарга дуушар болуп, комплекстүү кызматтын жоктугуна байланыштуу, укуктары корголбой келет.

 

““Бирдиктүү принцибинде” жардам көрсөткөн Борбор жабыр тарткан аялдардын жана кыздардын муктаждыктарына шарттарды түзүүгө, жеткиликтүү кызматтарды кеңейтүүгө багытталат жана жардам берет”,-деди Гүлнара Баатырова.

 

Аталган Борбор Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен биргеликте Министрликке караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде түзүлүүдө. Учурда Борбордо оңдоо иштери жүрүп жатат.

Маалымат катары:

Республикада үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга жардам көрсөткөн аялдар үчүн 18 кризистик борборлор бар, анын ичинен Бишкек шаарында жайгашкан 1 кризистик борбор муниципалдык болуп саналат.

Связанный пост