Франк-Вальтер Штайнмайер Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 Франк-Вальтер Штайнмайер Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Германия Федеративдүү Республикасынын Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Өткөн жылдардагы жеке жолугушуулардын аркасында биздин өлкөлөрдүн ортосундагы байланыштар чыңдалды. Мен 2024-жылдын июль айындагы сүйлөшүүлөрүбүздү, ошондой эле 2023-жылы Сиздин өлкөгө болгон сапарымды жылуу сезимдер менен эстейм. Германия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы стратегиялык аймактык өнөктөштүк да маанилүү, ал келечектеги жолугушуулар жана алмашуулар үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Тажикстан менен чек ара маселелери боюнча жетишилген келишимди өзгөчө белгилеп кетким келет. Бул аймактын элдеринин тынчтык кызматташтыгына карай маанилүү кадам болуп саналат.

Сизге ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине тынчтык, көз карандысыздык жана бакубатчылык каалайм», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост