“Формула-1” экономикага $12,5 млн салым кошту
Ысык-Көлдө үч күн өткөн суудагы “Формула-1” боюнча дүйнө чемпионатына 14 миң 600 адам келди. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, чемпионаттын Ысык-Көл облусунун жана жалпы Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы болжол менен 12,5 млн долларды түздү.
“Бул суммага коноктордун мейманканага, транспортко, тамак-ашка жана иш-чарага катышууга кеткен чыгымдары кирет. Азырынча маалыматтар такталууда, бирок учурдагы эсеп боюнча көрсөткүч ушундай”, – деди Кубатов.
Ал белгилегендей, чемпионат өткөн мезгилде Бает айылындагы мейманканаларда бөлмөлөрдүн баасы 70 доллардан 400 долларга чейин жогорулаган.