Financial Times журналынын тандоосуна ылайык Кыргызстан дүйнөдөгү эң мыкты 50 эс алуучу жерлердин катарына кирди
Financial Times гезитинин Саякат бөлүмүнүн авторлорунун версиясы боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү эң мыкты 50 эс алуу жайларынын тизмесине кирди.
Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, эң уникалдуу сунуштардын бири Александра Толстаянын укмуштуу окуяларынан шыктанган Ат-Башынын кооз аймактарына ат минүү туру болду.
Александра 1999-жылы Жибек Жолу менен 8000 чакырымдан ашык жолду ат менен басып өтүп, жүрөгү ушул жерде, Ат-Башыда түбөлүккө калганын жазган. Анын айтымында, бул жердин учу-кыйырсыз өрөөндөрү, топоздору, боз үйлөрү жана табияты суктандырат.
Быйыл Толстая бул кооз аймакка сегиз күндүк саякат уюштурууда, анын ичинде ак илбирстерге жолугууга мүмкүн болгон көгүлтүр суусу бар Көл-Суу көлүнүн боюнда түнөө камтылган.