Еврокомиссия Кыргызстандын “кара” тизмеден чыгуу боюнча иштерине жогору баа берди

Европа комиссиясы Кыргызстандын Евробиримдиктин учуулардын коопсуздугу боюнча “кара” тизмесинен чыгуу багытында жасалган иштерине жогору баа берди. Бул тууралуу маалыматты минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев 4 ай ичиндеги иштин жыйынтыгын чыгарган кеңешмедеги баяндамасында билдирди.
Анын айтымында, ушул май айында Брюсселде авиация тармагында жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыктары ийгиликтүү коргоодон өттү.
“Жыйынтыктоочу аудитти быйылкы жылдын декабрында өткөрүү боюнча алдын ала макулдашууга жетишилди. 2025-жылдын башынан бери 5 жаңы каттам ачылды. Анын ичинен үчөө – эл аралык багыттар: Нянчан (Вьетнам), Душанбе жана Худжанд шаарларына. Ошондой эле ички каттамдар кеңейип, Ош – Каракол жана Бишкек – Кербен багыттары ишке киргизилди”,- деди Касымалиев.
Ошондой эле авиациялык инфраструктура жаатында төмөнкү иштер аткарылып жаткандыгы белгиленди:
– “Манас” эл аралык аэропортунда жүргүнчү терминалын кеңейтүү, учуп-конуу тилкесин реконструкциялоо жүрүп жатат;
– “Ысык-Көл” аэропортунда жаңы аэровокзал комплексинин имаратынын курулушу башталды;
– “Каракол” аэропортунда учуп-конуу тилкесин узартууга байланыштуу долбоордук-сметалык документациянын иштеп чыгуу иштери аяктады;
– Ош шаарында февраль айынан тарта жаңы терминалдын курулушу башталып, учурда жер иштер жана пайдубалын тургузуу иштери жүрүп жатат;
– Жалал-Абадда жаңы эл аралык аэропорттун курулушу башталды.