Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйыны Минскте өтөт
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйыны 29-30-сентябрда Минск шаарында өтөт.
Бул чечим бүгүн Чолпон-Атада кеңештин кеңейтилген форматта өткөн жыйынынын соңунда кабыл алынды. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары жыйында 20 маселени карашты.
Эскерте кетсек, 14-15-августта Чолпон-Атада Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүүдө.