Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз күбөлүктөр күчүн жоготот
Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз күбөлүктөр күчүн жоготот. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын басма сөз кызматы “Кабар” агенттигине билдирди.
Маалыматка ылайык, эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр толук алмаштырылып бүткөндөн кийин жараксыз деп табылат.
Эскерте кетсек, жарандар эски күбөлүктөрүн 15-январдан 15-февралга чейин акысыз алмаштырса болот. Эгер ал убакта жетишпей калгандар болсо кошумча убакыт берилери кошумчаланды.