Эсептөө палатасы мамлекеттик сатып алуулар порталын текшерди
Эсептөө палатасы 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин Финансы министрлигиндеги мамлекеттик сатып алуулардын электрондук веб-порталынын ишине натыйжалуулук жана пилоттук маалыматтык технологиялар аудитин жүргүздү.
Ведомстводон билдиришкендей, аудиттин жыйынтыгында порталдын ишинде координациянын, көзөмөлдүн жана маалыматтык коопсуздуктун жетишсиздигинен улам бир катар кемчиликтер бар экени аныкталды.
Атап айтканда:
- Бир булактан сатып алынган товарлар мурунку жылдардагы шаблондук документтердин негизинде түзүлгөн, бул атаандаштыкты жана сапатты төмөндөтөт;
- Мамлекеттик сатып алуулар департаменти, “Сатып алуулар борбору” жана “Инфосистемс” ишканасынын ортосундагы өз ара аракеттенүү тартиби толук жолго коюлбаганы;
- IT-адистердин жетишсиздиги кызмат көрсөтүүнүн сапатына таасир тийгизүүдө;
- Колдонуучулардын укуктарын башкаруу жетишсиз, айрым кызматкерлерге негизсиз кеңири мүмкүнчүлүктөр берилген; серверлер жана тармактар жетиштүү корголбогон; кырсыктан калыбына келтирүү жана үзгүлтүксүз ишти камсыздоо планын системалуу тестирлөө жок.
Ошондой эле, “Сатып алуулар борбору” бир булактан сатып алууларда бааларды мониторингдөө талабын аткарбаганы аныкталып, айрым келишимдер атаандаштыксыз түзүлгөн.
Эсептөө палатасынын сунуштары:
- Мамлекеттик сатып алуулар жана маалыматтык технологиялар багытын координациялоочу туруктуу кеңеш түзүү;
- Порталды башка мамлекеттик системалар менен интеграциялоо;
- Сатып алууларды бардык баскычтарда электрондук форматта көзөмөлдөө;
- Сатып алуучу уюмдар менен “Сатып алуулар борбору” ортосунда жоопкерчиликтерди жана мөөнөттөрдү так чагылдырган өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү;
- IT-адистердин санын көбөйтүү жана киберкоопсуздук боюнча окутууларды уюштуруу.
Бул сунуштар мамлекеттик сатып алуулар системасынын ишенимдүүлүгүн, ачыктыгын жана коопсуздугун жакшыртуу максатында берилген.