Эсептөө палатасы былтыр 13 млрд сомдук каржы бузууларды аныктаган
Күн мурун Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчёту угулду. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Отчётту Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов сунуштап, 2024-жылы мекеме бекитилген планга ылайык 88 аудитордук иш-чара жүргүзүп, кеңири масштабдагы көзөмөл ишин ишке ашырган.
Бул иш-чаралардын алкагында 1 848 түзүмдүк жана ведомстволук бөлүм аудиттен өткөрүлгөн. Алардын катарын төмөнкүдөй субъекттер түзөт:
- 1 150 бюджеттик мекеме;
- 351 чарба жүргүзүүчү субъект;
- 339 жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекеме жана уюм;
- 8 башка уюм жана түзүм.
Жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында жалпы суммасы 13,1 млрд сомду түзгөн каржылык тартип бузуулар аныкталган. Алардын ичинде бюджеттик жана мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу, мыйзамсыз чыгымдар, туура эмес эсепке алуу, мамлекеттик активдерди натыйжасыз башкаруу сыяктуу фактылар орун алган.
Төраганын маалыматына ылайык, 2024-жылдын жыйынтыгы менен аныкталган мыйзам бузуулардын ичинен 10 млрд сом же 76,3 пайызы калыбына келтирилген. Бул көрсөткүч Эсептөө палатасынын көзөмөл-ревизиялык иш-чараларынын натыйжалуулугун жана мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин жогорулатуу аракеттерин тастыктайт.
Ошондой эле отчётто каржылык тартипти чыңдоо, натыйжалуу башкаруу механизмдерин өнүктүрүү жана мамлекеттик каражаттарды пайдаланууда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу боюнча бир катар сунуштар жана системалуу чаралар камтылган.
Комитеттин кароосунун жыйынтыгында Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчёт жактырылып, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылары белгиленди.
Маалымат үчүн: Эсептөө палатасы – Кыргызстандын жогорку мамлекеттик аудит органы. Анын негизги милдети – мамлекеттик бюджеттин жана мамлекеттик мүлктүн мыйзамдуулугун, максаттуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу боюнча көзөмөл жүргүзүү.