Эрте пенсияга чыгуу: кесиптердин тизмеси жаңыланышы мүмкүн
Министрлер кабинети зыяндуу жана оор шартта иштеген кызматкерлер үчүн мөөнөтүнөн мурда пенсияга укук берген тизмени жаңылоону сунуштап, тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
“Жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү тизмелерди, өндүрүштөрдү, жумуштарды, кесиптердин кызмат орундарын жана көрсөткүчтөрдү бекитүү жөнүндө” токтом долбоорунун максаты жана милдети долбоорду жаңы редакцияда ишке ашыруу, ошондой эле өлкөнүн жаңы Эмгек кодексинин жоболоруна ылайык келтирүү.
Тактап айтсак, 1996-жылдан бери колдонулуп келген эски тизмелер өзгөртүлүп, жаңы Эмгек кодексине ылайык кеңейтилет. Натыйжада айрым кызматкерлер мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Долбоордо өзгөчө Токтогул ГЭСи жана Бишкек ЖЭБинде иштеген 66 кызмат ордун тизмеге кошуу сунушталууда.
Минкаб бул объекттерде иштегендер жогорку ызы-чуу, температуранын өзгөрүшү, нымдуулук жана зыяндуу буулар сыяктуу оор шарттарда эмгектенерин белгилейт.
Аталган токтом долбоорунун негизги мазмунуна токтолсок, токтом менен жеңилдетилген пенсияга укук берүүчү эки негизги тизме бекитилет. Биринчиси жер астындагы жумуштар, өзгөчө зыяндуу жана өзгөчө оор эмгек шарттарында иштегендер үчүн тизме. Экинчиси зыяндуу жана оор эмгек шарттарында иштегендер үчүн тизме.
Эгер сунуш кабыл алынса, зыяндуу жана оор шартта иштеген кызматкерлердин эмгек стажы өзгөчө стаж катары эсептелип, аларга эрте пенсияга чыгууга жол ачылат.
Ошондой эле токтомдо иш берүүчүлөрдүн милдеттери каралып, ишкана жана уюмдардын жетекчилерине төмөнкүдөй талаптар коюлат:
- жумуш орундарын аттестациядан өткөрүү жана эмгек шарттарын жакшыртуу.
- бул тизмелерге кирген кызматкерлердин так тизмесин аныктап, аларды тааныштыруу.
- аталган кызматтардагы иш стажын жеңилдетилген пенсия берүүчү атайын стаж катары эсепке алуу.
Эскерте кетсек, токтом долбоору 21-майга чейин коомдук талкууда болот.