Бишкекте көп функционалдуу борборлор түзүлөт
Бишкектин ар бир районунда жаңы көп функционалдуу борборлор түзүлөт. Бул тууралуу борбор калаанын 2050-жылга чейинки бекитилген Башкы планында айтылат.
Ага ылайык, Ленин районундагы Жайыл баатыр көчөсү менен Барпы Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде “Бишкек-сити” ишкердик борбору пайда болот.
Ар бир райондо түзүлө турган көп функциялуу борборлор:
- Октябрь районунда – Чыгыш Чоң Чүй каналы менен Чокон Валиханов көчөсүнүн кесилишинде;
- Биринчи май районунда – мурдагы Пригородное айылынын районунда;
- Свердлов районунда – Тоголок Молдо жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде.
Адистештирилген борборлор:
- шаардын түштүк бөлүгүндө – Ч. Айтматов проспекти боюнча административдик борбор;
- соода борборлору – “Дордой”, “Аламүдүн”, “Таалай”, “Эталон строй”, “Ош” базарлары;
- медициналык коомдук борборлор – мурдагы Новопавловка айылынын түндүгүнө карай, мурдагы Пригородное айылынын районунда, мурдагы Маевка айылынын жана “Сейтек Көк-Жар” турак жай комплексинин районунда.
Мындан тышкары, шаардын түштүк бөлүгүндө республикалык медициналык кластердин курулушу пландалууда:
- коомдук билим берүү борборлору – Чыгыш Чоң Чүй каналынын жана Достоевский көчөсүнүн районундагы кампус;
- коомдук рекреациялык борборлор – мурдагы Рассвет айылынын түндүгүнө карай, мурдагы Орок айылынын түндүгүнө карай, Достоевский жана Чокон Валиханов көчөлөрүнүн районунда;
- коомдук спорттук борборлор – мурдагы Пригородное айылынын чыгышына карай жаңы ат майданынын курулушу каралууда.
Ошондой эле Башкы планда мурдагы Новопавловка, Учкун айылдык калктуу конуштарында чакан борборлорду уюштуруу белгиленген.