Эртең салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

 Эртең салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

Эртең, 30-апрелде жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

Бүгүн жана эртең бардык аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 24:00 гө чейин кабыл алышат.

Эскерте кетсек, 1-майга чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

– жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;

– менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;

– юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;

– мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери;

– мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;

– эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;

– жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жактар.

Связанный пост