Эр-Риядда Кыргызстандын кургатылган жемиштерин Сауд Аравиянын рыногуна экспорттоо маселеси талкууланды

 Эр-Риядда Кыргызстандын кургатылган жемиштерин Сауд Аравиянын рыногуна экспорттоо маселеси талкууланды

Эр-Риядда Кыргызстандын кургатылган жемиштерин Сауд Аравиянын рынокторуна экспорттоо маселеси талкууланды. Маселени Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов BAJA компаниясынын аткаруучу директору Мухаммед Фарха Аль-Гамиди менен жолугушуусунда каралды.

Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, ошондой эле жолугушууда тараптар Кыргызстан менен BAJA компаниясынын болжолдонгон кызматташтыгын дагы талкуулашты.

Атап айтканда, элчи Марипов BAJA компаниясы менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары активдештирүү боюнча өз пикирин жана сунуштарын билдирип, Кыргызстандан импорттоло турган мүмкүн болгон продукция катары кыргыз жаңгактары, кургатылган өрүк (Баткен өрүгү), кара өрүк жана башка кургатылган жемиштерди карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде, Аль-Гамиди жакынкы келечекте кыргыз продукциясын Сауд Аравиянын рыногуна мүмкүн болгон экспортун жөнгө салуу максатында кылдат изилдөөгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз байланыштарды колдоого жана эки тараптуу байланыштарды бекемдөө боюнча тиешелүү ишти улантууга макулдашты.

Маалымат үчүн: BAJA — бул жаңгактардын, кофенин, чайдын жана ар кандай кургатылган жемиштердин эң мыкты түрлөрүн өндүргөн, Сауд Аравиясындагы алдыңкы жергиликтүү компания. BAJA аталган тармактардагы эң ири компаниялардын бири болуп саналат жана Сауд Аравиясынын аймагында 150дөн ашуун филиалы жана 12 000ден ашуун соода түйүндөрү бар.

Связанный пост