Эр-Риядда кыргыз-сауд кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

 Эр-Риядда кыргыз-сауд кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов Эр-Риядда Сауд Аравиянын тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Адил Аль-Жубейр менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, тараптар кыргыз-сауд кызматташтыгынын оң динамикасын белгилеп, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтардагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу саясий диалогду андан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле инвестициялык, маданий жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча ишти улантууга макулдашышты.

Связанный пост