ЕРӨБ таза суу менен камсыз кылууга 18,6 млн евро бөлүп берет
Өзбекстандын Самарканд шаарында башкаруучулар кеңешинин 32- Жылдык жыйыны жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын бизнес форуму өтүүдө. Бул тууралуу КРнын Финансы минимтрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсалов башында турган делегация катышууда.
Жылдык жолугушуунун алкагында КР Финансы министринин орун басары Р.Татиков менен ЕРӨБ Борбор Азиядагы башкаруучу директору Жужанна Харгитай менен “Кыргыз Республикасынын суу чарба тармагын жакшыртуу программасы” долбоору боюнча 18,6 млн евролук, (анын ичинен 10,6 млн евро грант катары) Кредиттик жана гранттык макулдашууга кол коюлду. Аталган каражат «Кыргыз Республикасынын суу чарбасын жакшыртуу программасы – Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын кичи долбоорлору» Долбооруна жумшалат. Кредиттин жалпы суммасы 18,6 млн евро, анын ичинен 10,6 млн евро грант катары техникалык жардамга бөлүнөт.
Бул долбоор аркылуу Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын 70 миңден ашуун калкы борборлоштурулган таза суу менен камсыз болот. Ошондой эле суунун жоготуулары азайып, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук жогорулайт.