ЕРӨБ Базар-Коргондо 60 миң тургунду таза суу менен камсыздоого 3,3 млн евро бөлдү

 ЕРӨБ Базар-Коргондо 60 миң тургунду таза суу менен камсыздоого 3,3 млн евро бөлдү

Финансы министрлиги менен Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда Кыргызстандын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморундуму түзүлдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, тиешелүү меморундумга финансы министри Алмаз Бакетаев менен ЕРӨБдүн вице-президенти Маттео Патроне кол коюшту.

Меморандум жалпы суммасы 400 млн еврого бааланган муниципалдык инфраструктура, сугат жана транспорт тармагындагы артыкчылыктуу долбоорлорду колдоо боюнча алкактык макулдашууну даярдоого жол ачат. Бул макулдашуу өлкө боюнча туруктуу инфраструктураны өнүктүрүүгө жана ЕРӨБдүн тиешелүү инвестицияларын оптималдаштырууга көмөктөшөт деп күтүлүүдө.

Ошондой эле ЕРӨБ Базар-Коргон шаарын суу менен камсыздоо долбоору үчүн каржылоонун экинчи траншын бөлдү, анын суммасы 3,3 млн еврону (анын ичинде 1,6 млн евро грант) түзөт.

Бул каржылоо шаарды суу менен камсыздоо инфраструктурасын модернизациялоого жардам берет жана 60 миңден ашуун жергиликтүү тургун үчүн коопсуз ичүүчү сууга жана жакшыртылган санитардык шарттарга үзгүлтүксүз жетүүнү камсыздайт.

Долбоордун алкагында берилүүчү техникалык жардам жергиликтүү коммуналдык ишкананын институционалдык, операциялык жана финансылык потенциалын чыңдайт. Бул 2025-жылы Кыргызстанда ЕРӨБ тарабынан кол коюлган жетинчи суверендүү инфраструктуралык долбоор болуп саналат, натыйжада өлкөнүн инфраструктурасына банк тарабынан берилген инвестициялардын жалпы көлөмү ушул жылы 100 млн еврого жетет.

Связанный пост