Энергетика министрлиги менен үч эл аралык компаниянын ортосунда энергияны топтоо системаларын жыйноо жана жеткирүү жаатындагы меморандумга кол коюлду

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Энергетика министрлиги менен үч эл аралык компаниянын ортосунда энергияны топтоо системаларын жыйноо, жеткирүү жана монтаждоо жаатындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу аземине катышты.

Документ энергияны сактоонун заманбап технологияларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, энергетика системасынын туруктуулугун жогорулатууга жана Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүүнү колдоого багытталган.

Белгилей кетсек, буга чейин бул кызматташуунун алкагында пилоттук долбоор ишке ашырылган. Тактап айтканда, 2 саат 15 мүнөттө 100 кВт кубаттуулукту камсыз кылган “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын имаратында 200% кубаттуулуктагы 100 кВт энергия сактоочу блок тесттик режимде орнотулган. Электр энергиясынын булагы катары имараттын чатырына күн батареялары орнотулган.

Меморандумга Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев, Amperex Technology Co., Limited (CATL), Xiamen Ampace Technology Limited (Ampace) жана Yangpu Xinchuan Linghang Newenergy Technology Co., Ltd. (YXL) компанияларынын өкүлдөрү кол коюшту.

Бул компаниялар энергияны топтоо боюнча чечимдердин дүйнөлүк өндүрүүчүлөрү жана жеткирүүчүлөрү болуп саналат, ири масштабдагы кайра жаралуучу энергия долбоорлорун ишке ашырууда чоң тажрыйбасы бар.

Связанный пост