Энергетика министрлиги: Ар бир жаран электр энергияны үнөмдүү пайдалануусу зарыл

 Энергетика министрлиги: Ар бир жаран электр энергияны үнөмдүү пайдалануусу зарыл

Ар бир жаран электр энергияны үнөмдүү пайдалануусу зарыл. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, Кыргызстанда жыл сайын калктын саны өсүүдө. Ага жараша жаңы шаарчалар, көп кабаттуу үйлөр, социалдык объекттер курулууда.

Ошондой эле заводдор, фабрикалар кеңейүүдө. Жолдор жарыктандырылып, технологиялар күн сайын көбөйүп жатат. Бул өз кезегинде электр энергиясынын күнүмдүк керектөөсүнүн жогорулоосуна алып келет.

Ошол эле учурда дүйнө жүзүндө суу ресурстары азайууда. Бул өлкөдөгү ГЭСтердин ишине түздөн-түз таасир тийгизе турган фактор.

Министрликтен белгилешкендей, энергия булагы чектелүү, ал эми керектөө улам артууда. Мындан улам электр энергиясын үнөмдүү, сарамжалдуу пайдалануу зарыл.

Анткени ар бир үнөмдөлгөн киловатт бул туруктуу жарык, өлкөнүн коопсуз энергетикалык келечеги жана үй-бүлөнүн бюджети үчүн пайда экени талашсыз.

Связанный пост