Энергетика министрлиги 600 миң “акылдуу” эсептегич сатып алат

 Энергетика министрлиги 600 миң “акылдуу” эсептегич сатып алат

Энергетика министрлиги 2024-жылы Дүйнөлүк банктын линиясы боюнча 600 миң “акылдуу” эсептегич сатып алат. Бул тууралуу ведомствонун башчысы таалайбек Ибраев 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйында билдирди.

Анын айтыында, акылдуу эсептегичтерди орнотуу менен авариялык абалдардын саны кыскарат.

“Энергетика министрлиги жакынкы 2 жылда бардык абоненттерди (1,5 млн) “акылдуу” эсептегичтер менен камсыз кылууну пландаштырууда, бул жылы 800 миң абонентти, 2025-жылы калган 700 миң абонентти камсыздоону пландоодо”, – деди ал.

Эскерте кетсек, 2023-жылы министрлик жалпы 108 миң 996 “акылдуу” эсептегич орноткон.

Связанный пост