Энергетика министрлиги 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарды

 Энергетика министрлиги 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана мекемелердин 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегия болуп болуп өттү.

Жыйынга президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Нургазиев Улугбек Уланович, энергетика министри Таалайбек Ибраев, министрдин орун басарлары жана министрликке караштуу мекемелердин, энергетикалык компаниялардын, алардын филиалдарынын жетекчилерин катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө министрликтин, министрликке караштуу администрациялык ведомстволордун жана отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын 2023-жылы аткарылган иштеринин жыйынтыктары жана 2024-жылга карата иш пландары жөнүндө баяндамалар угулуп, талкууланды.

Ошондой эле жарандардын кайрылууларынын аткарылышы, 2023-жылдын 28-октябырындагы Коллегиянын чечиминин аткарылышы тууралуу маселе каралды.

Ал эми 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн коллегияда энергетика министри Таалайбек Ибраев керектөөчүлөргө электр энергиясын берүүнүн сапатын жакшыртуу, кыштан ийгиликтүү чыгуу, алдыга коюлган пландарды өз убагында ишке ашыруу бүгүнкү күндүн талабы экенин баса белгиледи.

Энергетика министрлиги өткөн жылдарга салыштырмалуу быйыл күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүдө. Мунун себеби, өткөн жылы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштеринин жакшы аткарылгандыгы жана жаңы жабдуулар, техникалар менен камсыздалгандыгы, ГЭСтердин реконструкциянышы чоң пайдасын тийгизүүдө. Күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн 2024-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычынын көлөмүн 7,5 – 7.8 млрд м³ суу менен камсыздоо пландалууда. Ошондой эле, 2023-жылы жалпы 3,4 млрд кВтс электр энергиясын импорттолгон.

Жыл жыйынтыгы чыгарган жыйында айтылган урунттуу учурлар:

Энергетика тармагында 2023-жылы бир катар ийгиликтүү иштер аткарылды. Алардын катарында:
6,7 МВт кубаттуулуктагы ЧГЭС жана 430 кВт кубаттуулуктагы күн электр станциялары ишке кирди;
2023-жылы Токтогул ГЭСинин 2ГАнын реконструкциясы аяктап, ишке киргизилип, кубаттуулугу 300 МВттан 360 МВтка жогорулатылды;
Ат-Башы ГЭСин реабилитациялоо иштери аяктап, ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 40 МВттан 45,7 МВтка жогорулатылды;
Баа=рдык ГЭСтердеги капиталдык, утурумдук оңдоо иштери жылдык пландын негизинде аткарылган;
Жалпы 261 атайын техника сатып алынып РЭТтерге бөлүштүрүлүп берилди.
Отун-энергетика комплексинде 2023-жылдын ичиндеги жүргүзүлгөн реформалар:
Орто мөнөттүү тарифтик саясаттын өзгөрүлүшү;
ГЭСтерди куруу, ишке киргизүү жаатында Дирекциянын түзүлүшү;
«Улуттук энергохолдинг» ААКнын жоюлушу;
«Электр станциялар» ААКнын Каракөл шаарына көчүрүлүшү;
Энергокомпаниялардын финансалык абалын чыңдоо (капитализация);
«Электр станциялар» ААКы тейлеп жүргөн отканалардын «Кыргызжылуулуктармагы» МИсине өткөрүлүп берилиши;
Абоненттер менен иштешүү үчүн ыңгайлуу болгон «Мой свет» мобилдик тиркеменин ишке кириши;
Кыргызстан боюнча чалуу борбору (CALL-центр) уюштурулду;
Сатуу бөлүмдөрүнүн жана системалык оператордун өзүнчө бөлүнүшү;
Бизнес-процесстерди автоматташтыруу ERP-система киргизүү;
ЭКБ тууралуу мыйзамдын жаңыланышы (тариф 4,46 сом);
ЭКЭАС (АСКУЭ) эсептегичтердин орнотулушу;
Энергетикага өзгөчө кырдаал режиминин киргизилиши.
“Кыргызстан УЭТ” ААК тарабынан кошумча 290 трансформтордук подстанциялары орнотулду жана 263 даана 10-0,4 кВ трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылды.

1 456 км аба чубалгысын куруу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү;
Ошондой эле өлкө боюнча жалпы 108 996 даана акылдуу эсептегич орнотулган;
8 даана дизелдик генераторлор сатып алынды.
Капиталдык курулуш жана реконструкциялоо объектилеринин аткарылышы:
Сулайман-Тоо РЭТи курулду, Кең-Суу а. 13,9 км 0,4-10 кВ электр линиялары курулуп, 1 даана 160 кВАлык ТП орнотулду, Ак-Көл а. 1 даана кошумча 160 кВА ТП жана 8,3 км 0,4-10 кВ электр линиялары курулду, Ош ЭТИнин узундугу 14 км болгон 110 кВ Ош-6-Узловая аба чубалгысында АС-120 АС-185ге зымына алмаштырылды, Чүйдөгү Ак-Ордо конушунда 10 кВ аба чубалгысында 23 км эскилиги жеткен А-50 зымы СИП-3 (70) тибиндеги зымга алмаштырылды. Бул чаралар 759дан ашык жер участогун электр линияларынын коргоо зонасынан чыгарууга мүмкүндүк берди.

Көмүр тармагы:
Ал эми, жалпы республика боюнча көмүрдүн керектөөсү – 1 млн 276,0 миң тонна, күйүүчү мазуттуку– 54 миң тонна. Бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча 4,08 млн тонна тонна көмүр казылган. Анын ичинен «Кыргыз көмүр» МИнын «Центральный» жер тилкесинен көлөмү 1 млн 323,9 миң тонна көмүр казылган. “Түштүк” филиалы тарабынан 2023-жылдын 31-декабрына чейин көмүр экспорттоо 48,6 миң тоннаны түзүп, киреше 14, 7 млн. сомду түздү. Республика боюнча 849 топ база жана көмүр сатуучу пункттар ачылган. Анын ичинен «Кыргызкөмүр» МИ тарабынан республика боюнча 42 көмүр сатуучу базалары ачылган. «Кыргызкөмүр» МИна кен чыккан жерлер боюнча жалпы 18 лицензия берилген.

«Кара-Кече» кениндеги Электрондук кезек системасы киргизилди. Онлайн көзөмөл жүргүзүүнүн алкагында:

Кара-Кече көмүр кенинде 28 видеокамера;
Балыкчы шаарындагы 8 видеокамера;
“Түштүк” филиалында 2 видеокамера;
Бишкек ш. калкы үчүн көмүр сатуучу 7 пункта бирден камера орнотулду. Ошондой эле «Кара-Кече» жана «Балыкчы» филиалдарында накталай эмес төлөмгө өттү жана унааларга онлайн камералар орнотулду.
Жылуулук тармагы:
«Кыргызжылуулукэнерго» МИси Нарын облусунда 5 электр откананы көмүргө которгон, 6 бюджеттик мекемелерди жана Таш-Көмүр, Каракол, Балыкчы ЖКИ жалпысынан 700 абоненттерди борборлоштурулган жылытуу тармагына кошкон. Электр энергиясын үнөмдөөдө 29,417 млн. кВт/с, же 46,72 млн. сом үнөмдөлгөн. «Бишкекжылуулукэнерго» КИсы Бишкек шаарынын аба булгануусун азайтуу максатында 22 көмүрдө иштеген отканасы отундун альтернативдик түрүнө өткөрүлдү (19 газга, 3 электр энергиясына).

Газ:
Мындан тышкары, Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча 2023-жылы “Верхний Көк-Жар” кварталы, Бакай-Ата, “Попеновка” кварталы, “Товарная” кварталы, Токолдош к.к, Ак-Тилек, Ак-Тилек-2, Ак-Тилек Турбаза, Селекционное а.,Ала-Арча, Новопавловка а. газдаштырылып, 10 048 кожолуктар камтылган.

Ири долбоорлор:
2023-жылы «Камбар-Ата-1» ГЭСинин даярдык көрүү мезгилинин объекттеринин курулуш иштери башталып, учурда кызуу жүргүзүлүүдө. Бул долбоордун технико-экономикалык негиздемесин актуалдаштырууга дүйнөлүк банк тарабынан 5 млн АКШ доллары суммасындагы акча каражаты бөлүнүп берилүүсү каралып, Инвестициялык Кеңеште жактырылып, консультантты тандоо боюнча иштер башталды. Кыргыз Республикасынын Энегетика министрлиги «Камбар-Ата-1» ГЭСти курууга болгон даярдык иштерин жигердүү аткарууда.2023-жылы бул доолбоордун алкагында аткарылган иштер:

1 — Камбар-Ата ГЭСнин негизги объектилерине баруучу жолду кеңейтүү зарыл болгондуктан, дарыянын нугу өзгөргөн жерде (№1 прорези) чоң жардыруу иши жүргүзүлдү.
2 — КАГЭС-1 курулуш участогуна чейинки жаны жолдордун курулуш иштери жасалып, көлөмү 909,5 м3 бетондолду.
3 — Туннелдин жалпы узундугу 126м болсо, анын 36,2м казылып бүттү.
4 — Аба чубалгысын тартууда АС-150/24 эки чынжырлуу зым аба чубалгысы 17-ден 27-чи учурдагы тирөөчкө чейин тартылды, анын узундугу 2552,6*6 = 15 315 м түздү. Ошондой эле №29,30,31 тирөөчтөрдү орнотуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө таянычтын пайдубалын орнотууга даяр, тирөөчтөрдүн пайдубалы гидроизоляцияланууда.
5 — 110/10кВ подстанциясында ПС 110/10 кВ көмөкчордонунда пландаштыруу иштери жүргүзүлүүдө, түркүктөр (цинктелген), болот алюминий зымдар, изоляторлор жана чынжыр арматуралар ж. б. сатылып алынды.
6 — Көпүрөнүн курулушу боюнча инженердик-изилдөө иштери аяктады, Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн долбоорунун сигналдык вариантын кароо, макулдашуу жана сунуш үчүн берилди.

CASA-1000
Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында азыркы учурда 1243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу (100%), тирөөчтүн чуңкурларын казуу (100%), тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондоо (100%) иштери аяктады. Учурда тирөөчтөрдү орнотуу иштери 100% аткарылды же 1243 тирөөч орнотулду жана 287,45 чакырым (63%) зымдар тартылды.

“Бишкекжылуулуктармагы” филиалынын аткарган иштери:
Жылуулук тармактарынын участокторун 3666 м оңдолду;
477 даана бекиткич арматуралар алмаштырылды;
бузулган жылуулук изоляциясын 1578 м2 оңдоодон өткөрдү;
магистралдык жана бөлүштүрүүчү жылуулук тармактарынын 787 м аралыгын авариялык-калыбына келтирүүчү ремонту жүргүзүлдү;
Турак үйлөрдөгү 30 346 п.м жылытуу жана ысык суу түтүктөрү алмаштырылды;
өчүрүүчү-жөнгө салуучу арматура 8464 даана менен алмаштырылды;
Бишкек ш. Каралаев жана Абдымомунов көчөлөрүндө 526 м узундуктагы жаңы түтүктөр курулду;
“Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун негизинде Бишкек ш. ЖЭБнен баштап Л. Толстой көчөсүнө чейин 330 м жана 7-апрель көчөсүн бойлой 836 м диаметри 700 мм 900 мм болгон түтүктөр алмаштырылды.
Бишкек ЖЭБи 2023/2024 жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында Бишкек ЖЭБти электр жана жылуулук энергиясы менен камсыздоо үчүн төмөнкү өлчөмдөгү отун менен камсыздоо пландаштырылган: 1200 миң тонна көмүр, анын ичинде 550 миң тонна импорттук көмүр Д, ДГ, Г маркасындагы; 650 миң тонна кыргыз көмүрү, анын ичинен: 600 миң тонна Кавак маркасындагы БЗ, БР жана 50 миң тонна Таш-Көмүрү ДСШ; 70,110 млн м3 жаратылыш газы; 5,0 миң тонна мазут. 2023-жылдын жыйынтыгында Бишкек Жылуулук электр борборунда келип түшкөн көмүр 519,208 миң тонна жана 2,690 миң тонна мазут.

«Чакан ГЭС» ААК күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында бардык гидроэлектростанцияларында, тактап айтканда бардык 19 гидроагрегаттарында утурумдук оңдоо иштери жүргүзүлүп, капиталдык оңдоо иштерин 100% аткарган. Ошондой эле мерчемделген үч гидроагрегаттын бардыгы капиталдык ондоо иштеринен өткон. Мындан тышкары, реконструкция жүргүзүүнүн негизинде Аламудун-3 гидроэлектростанциясында 6300 кВА кубаттуулуктагы жаңы күч трансформатор орнотулган. «Чакан ГЭС» ААКнын бирден бир жетишкендиктеринин бири быйыл Талас облусундагы Бала-Саруу ГЭСинин курулушунун негизги жумуштары аяктаган. Суунун көлөмү көбөйсө, ушул жылы ГЭСтин кичи агрегаттын ишке берүү мерчемделүүдө.

Кол коюлган документтер:
2023-жылы жалпысынан инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда 74 (документке) меморандум жана макулдашууларга кол коюлган:

-ЭКБны өнүктүрүүгө багытталган Жарлыктын кабыл алынышы;

-Микрогенерация объекттерин лицензиялоодон бошотууга багытталган мыйзам;

-Отун-энергетика комплексинин ишинин натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, энергетика тармагындагы мыйзамдык жана институционалдык механизмдерди өркүндөтүү максатында энергетика тармагында канча жылдан бери кабыл алынбай келе жаткан ченемдик-техникалык документтер кабыл алынды.

Энергетикада өзгөчө кырдаал.
Энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаалдын кабыл алынган. 2023-ж. 1-августунан баштап 3 жыл мөөнөт менен энергетикада өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Максаты энергетикалык кубаттуулуктарды киргизүү боюнча ыкчам чараларды көрүү жана 2027-ж. тартып э/э экспортоого чыгууну камсыз кылуу.

Связанный пост